Өкмөт 145 миллион сомго 40 Тез жардам унаасын сатып алууну пландап жатат

Премьер-министрдин айтымында, атайын кызматтын автоунаалары "Коопсуз шаар" долбоору аркылуу түшкөн айып пулдун каражаттарына алынат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү 145 миллион сомго 40 Тез жардам автоунаасын сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, буга "Коопсуз шаар" долбоору аркылуу түшкөн айып пулдун каражаты жумшалат.

Ош шаардык Тез жардам кызматына жаңы үч автоунаа тапшырылды

"Эсептей келгенде айып пулдун суммасына 40 автоунаа сатып алса болот экен. Учурда адистер техникаларды сатып алуу иштерин жүргүзүп, алардын үлгүсүн аныктап жатабыз", — деди Боронов.

Ал кошумчалагандай, региондордо Тез жардам автоунаа көйгөйү курч.