Алар — баатырлар! Жээнбеков каза болгон медиктердин жакындарына көңүл айтты

Жээнбеков көз жумган медицина кызматкерлери коронавируска каршы турууга жана ооруну алдын алууга зор салымын кошконун белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков коронавирустан көз жумган медиктердин жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

"Тилекке каршы, коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө алдыңкы сапта жүрүп көз жумган медиктердин катары дагы бир нече ысымдар менен толукталды. Алар кыйынчылыкты биринчилерден болуп баатырдык менен тосуп алып, анын кесепеттерин жоюу үчүн күнү-түнү иштешти. Мекендештерибиздин бакубатчылыгы үчүн жанын берген ак халатчан баатырлар менен коштошууга туура келип турат. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты", — деп жазылган президенттин кайрылуусунда.

Коронавирус медицина каймактарын терип кетти

Дарттан көз жумган медиктер

Президент антына бекем турган дарыгерлердин ысымын эл дайыма эстеп жүрөрүн айтып, акыркы мезгилде көз жумгандарды атаган.

Алар:

  • Сарыбагыш Иманалиев, Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу;
  • Бүбүайым Жээнбаева, Ысык-Көл районунун саламаттык сактоо боюнча координатору;
  • Күлжамал Жумабаева, Чүй районунун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары;
  • Бегайым Исакова, Бишкек шаарындагы № 1 шаардык клиникалык оорукананын терапия бөлүмүнүн башчысы;
  • Кубанычбек Карагулов, Ак-Талаа райондук ооруканасынын хирургу;
  • Валерий Гауп, Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун фельдшери.

Жээнбеков көз жумган медиктер коронавируска каршы турууга жана алдын алууга зор салымын кошконун белгилеген.

Бейтапты сактайм деп акка моюн сунгандар. Ак халатчандарды эскерген видео

Республикада 2874 медицина кызматкерине COVID жукса, анын 1934ү айыгып кетти. Тилекке каршы, 70тен ашык ак халатчан көз жумду.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 38110 кишиге жетти. Алардын ичинен 29 510 адам айыгып кетсе, тилекке каршы, 1438и каза болуп калды.