Жээнбеков: экономикалык кыйынчылыктар элге таза суу жеткирүүгө тоскоол болбойт

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 3-августта, Ысык-Көл облусуна эки күндүк иш сапары менен кеткен. Учурда ал аймактардагы бир катар мекемелердин иши менен таанышып, эл менен пикир алышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Коронавирустан улам өлкө туш болгон экономикалык кыйынчылыктар калкты таза суу менен камсыз кылууга тоскоол болбойт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Ак-Булак айылындагы таза суу менен жабдуу тутумунун курулушуна барганда айтты.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, бул долбоордун аркасы менен айылдын 2 миңдей тургуну таза суу менен камсыз болот.

"Курулуш долбоору Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун артында ишке ашууда. Анын алкагында узундугу 7800 метр суу түтүгүн орнотуу, 150 метр тереӊдиктен суу чыгаруу, суу топтолуучу жай куруу, электр зымдарын тартуу жана электр трансформаторун орнотуу каралган", — деп айтылат билдирүүдө.

Ысыккөлдүк ишкана Кытайга сүт экспорттой баштайт

Азыркы учурда курулуш иштеринин 25 пайызы аткарылган, бир катар көчөлөргө 3700 метр суу түтүктөрү орнотулуп, 1800 метр электр зымдары тартылган.

Буга карабай, жергиликтүү тургундар курулуш иштери токтоп калбайбы деп тынчсызданууда.

"Жарандардын саламаттыгын сактоону, жалпы эле аймактардагы туризмди өнүктүрүүнү таза суусуз камсыз кылуу мүмкүн эмес. Бул комплекстүү маселе. Ошондуктан мен бул багытка өзгөчө көңүл бөлүп жатам. Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча программаларды ишке ашырууга бюджеттик каражаттар менен катар сырттан, негизинен гранттык негиздеги каражаттар тартылууда. Президенттик мөөнөтүмдүн акырына чейин жалпы өлкө боюнча калкты таза суу менен камсыздоо ниетим бар", — деди президент.

Өлкөнүн жети облусунда инфекциялык ооруканалар салына баштады. Тизме

Жээнбеков менен баарлашууда айыл тургундары бир катар көйгөйлөрүн тизмектешти. Алардын айтымында, Ак-Булакта орто мектеп жана бала бакча жок, ошондой эле жерлерди трансформациялоо боюнча да көйгөйлөр бар.