Өлкөдө дагы 412 киши коронавирусту илештирип алды

Анализ алуу үчүн кан алып жаткан лаборатория кызматкери. Архив
Расмий маалымат боюнча, марттан бери өлкөдө вирус жуктургандардын саны 38 миңге жакындады. Акыркы учурда Бишкекте, Ысык-Көлдө жана Ошто ооругандар көп катталды.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 412 адамдан коронавирус аныкталганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Аймактар боюнча ала келгенде төмөнкүдөй:

  • Бишкек - 114
  • Ош – 43
  • Чүй облусу – 37
  • Ош облусу - 39
  • Талас облусу – 17
  • Нарын облусу – 21
  • Ысык-Көл облусу – 41
  • Жалал-Абад облусу – 70
  • Баткен облусу - 30

Ушуну менен өлкөдө COVID жуктуруп алгандардын жалпы саны 37 541 адамга жетти.