Өкмөт Нарынга жугуштуу илдеттер ооруканасын куруп баштады. Cүрөт

Медициналык жайдагы 20 орун реанимациялык бөлүмгө ылайыкталат. Заманбап палаталар салынып, дарыгерлер менен бейтаптардын ортосунда байланыш аз боло тургандай ыңгайлуу шарт түзүлмөкчү.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Нарында мамлекет тарабынан жугуштуу илдеттерди дарылай турган 70 орундуу оорукана курула баштады. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб кабарлады.

Президенттин тапшырмасына ылайык, өлкөнүн бардык дубандарында жугуштуу дарттар үчүн ооруканаларды куруу, эскилерин капиталдык ремонттон өткөрүү аракеттери жүрүп жатат.

"Нарын шаарында ылайыктуу имарат болбогондуктан Республикалык штабдын чечими менен жаңы оорукана курулганы калды. Имарат куруу үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын аймагынан жер аянты бөлүнүп, курулуштун алгачкы жумуштары башталды", - деп айтылат маалыматта.

Өлкөнүн жети облусунда инфекциялык ооруканалар салына баштады. Тизме

Ал мамлекет тарабынан салынат. Узундугу 73, туурасы 28 метрди түзгөн бир кабаттуу имарат Нарындын аба ырайын, климаттык шартын эске алуу менен жеңил конструкцияда курулары пландалууда.

"Медициналык жайдагы 20 орун реанимациялык бөлүмгө ылайыкталат. Заманбап үлгүдөгү бокс-палаталар салынып, дарыгерлер менен бейтаптардын ортосунда байланыш аз боло тургандай ыңгайлуу шарт түзүлмөкчү", - деп белгиленет маалыматта.

Талап боюнча оорукана бир айдын ичинде курулуп бүтөрү күтүлүүдө. Жумушчулар эки нөөмөт менен күнү-түнү иштешет. Жергиликтүү бийлик тарабынан бардык маселелер боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлүп, атайын жумушчу топ жана көзөмөлдөөчү органдар иштеп жатат.