Кечээтен бери 11 киши коронавирусту жеңе албай, акка моюн сунду

Өлкөдө июнь айынан бери эпидемиологиялык абал өтө курч деп эсептелүүдө. Акыркы кезде күн сайын 10дон ашык кыргызстандык өмүрү менен кош айтышып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Акыркы сутка ичинде коронавирустан 11 адам каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

COVID-19дан каза болгондордун жаңы учурлары (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкүдөй:

«Алардын ичинен төртөө Бишкек шаарынын, бирөө Ош шаарынын, бири Чүй облусунун, бири Нарын облусунун, үчөө Жалал-Абад облусунун, дагы бирөө Баткен облусунун тургундары эле”, — деди Акматова.

Жалпы каза болгондор — 1420.