Кой-Таш окуясы боюнча соттун онлайн-отуруму жылдырылды. Себеби

Жогорку соттон кабарлашкандай, Бишкекте соттук отурумдар эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен видео байланыш форматында өтүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 5-августка жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан билдиришти.

"Бүгүн видео байланыш форматында өтө турган соттук отурум айыпталуучулардын бири ден соолугуна байланыштуу дарылоочу № 47 абакка которулганына байланыштуу болбой калды. Кийинки отурум шаршемби күнү саат 10:00гө дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку соттон кабарлашкандай, Бишкекте соттук отурумдар эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен видео байланыш форматында өтүп жатат.

УКМК тергөө абагын карантинге жаптыбы? Мекеменин жообу

Кой-Таш окуясы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Жалпысынан Атамбаев сегиз эпизод менен шектелүүдө. Бул окуядан бир киши каза таап, 175 адамдын дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.

Атамбаевден тышкары, Кой-Таш окуясы боюнча анын тарапташтары Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев жана Нооруз Капарбек уулу кармалган.

Алмазбек Атамбаев пневмониядан айыгып кайра абакка которулду

ЖК депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева үй камагында.