Оорукананы бошоткон бейтаптар көбөйүүдө. Бишкектеги орундардын тизмеси

Учурда Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында 102 орун бар. Мурда бул жак бошобой калгандыктан башка медициналык мекемелер вирус жуктургандарды кабыл ала баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ордо калаа Бишкектин ооруканаларында коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн ушул тапта 1 445 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалымат 3-август саат 8:00гө карата берилген. Бүгүн башка күндөргө салыштырмалуу бош орундардын көбөйгөнү, тагыраагы, ооруканага жаткан бейтаптардын саны азайганы байкалды.

Жалал-Абадда бала бакча инфекциялык ооруканага айланды. Сүрөт

COVID-19га кабылгандар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга кайрылса болот.

  • Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасы — 102;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 38;
  • Темир жол ооруканасы — 16;
  • Улуттук хирургия борбору — 13;
  • Улуттук госпиталь — 207;
  • №1 интернат — 113;
  • Воронцовкадагы санаторий — 222;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 62;
  • "Гансидеги" оорукана — 360;
  • Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 52;
  • Rixon мейманканасы — 25;
  • "Ынтымак" медресеси — 50;
  • Республикалык наркология борбору — 94;
  • Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 48;
  • Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 21;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 22.