Валентина Шевченконун титулун кантип коргой турганы маалымдалды. Видео

Белгилей кетсек, Шевченко башка атаандаш менен таймашып, чемпиондук титулун буга чейин эле коргомок. Бирок кыргызстандык спортчунун жараатынан улам таймаш кийинкиге калып калган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу, UFC чемпиону Валентина Шевченко кийинки беттешин бразилиялык Женнифер Майя менен өткөрөт. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Дана Уайт UFC Vegas 5 турниринен кийинки маалымат жыйыны учурунда айтты.

Бүгүн, 2-августта өткөн мелдеште 31 жаштагы бразилиялык мушкер шотландиялык Жоанн Кальдервудду биринчи раундда утуп алды.

​Белгилей кетсек, Шевченко Калдервуд менен таймашып, чемпиондук титулун буга чейин эле коргомок. Бирок кыргызстандык спортчунун жараатынан улам таймаш кийинкиге калып калган.

Бир аз мурда Калдервуд бош отургусу келбей калганын айтып, Майя менен беттешүүгө даяр экенин жар салган. Жыйынтыгында өзү утулуп калды.

Баштадым! Валентина Шевченконун маңдайы жарыла сүйүнгөн сүрөтү

Эске салсак, март айында Валентина бутунан операция жасатып, анын айынан UFC 251 турнириндеги Жоан Калдервуд менен беттеши болбой калган.

Мушкер кыз жаракатты соңку кармашында алган. Тагыраагы, ал 8-февралда Хьюстондогу UFC 247 турниринде Кэтлин Чукагян менен беттешип, утуп алган. https://sputnik.kg/sport/20200209/1047015400/valentina-shevchenko-ketlin-chukagyandy-zhendi.html