КРдин курама командасынын лидер футболчусу Бернхарт "Дордойго" кошулду

34 жаштагы жарым коргоочу Эдгар Бернхардт Германия, Нидерланддар, Финляндия, Польша жана бир катар Азия өлкөлөрүнүн клубдарында ойногону менен белгилүү. Кыргызстандын курамасында 38 беттеш өткөрүп, 4 гол киргизген.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт "Дордой" футбол клубунун оюнчусу болду. Бул тууралуу бишкектик команданын сайтында айтылат.

Келишим ушул сезондун аягына чейин түзүлгөн. Бернхарт жаңы командасында 28-номер менен ойнойт.

"34 жаштагы жарым коргоочу Эдгар Бернхардт, Кыргызстандын Чүй облусунун Новопавловка айылында туулган. Кийин ал үй-бүлөсү менен Германияга көчүп кеткен. Футболчу Германия, Нидерланддар, Финляндия, Польша жана бир катар Азия өлкөлөрүнүн клубдарында ойногону менен белгилүү. 2019-2020-жылдагы сезондо Бангладештин чемпионатында "Абахани Лимитед" клубуна ойногон", - деп айтылат маалыматта.

FIFA Кыргызстандын футболун колдоого 1,5 миллион доллар бөлөт

Ал 2015-жылы Кыргызстан улуттук курама командасына тартылган. Жалпысынан 38 беттеш өткөрүп, 4 гол киргизген. Тransfermarkt уюмунун акыркы маалыматына ылайык, Эдгар Бернхарттын баасы 100 миң евро деп эсептелет.

Карьерасы:

  • 2004-2006 — "Оснабрюк" (Германия);
  • 2006-2007 — "Антрахт II" (Брауншвейг, Германия);
  • 2007-2008 — "Эммен" (Голландия);
  • 2008-2009 — "Оснабрюк II" (Германия);
  • 2009-2010 — "Вупперталь" (Германия);
  • 2010-2011 — "Ваасан" (Финляндия);
  • 2012 — "Лахти" (Финляндия);
  • 2012-2014 — "Краковия" (Польша);
  • 2014 — "Яро" (Финляндия);
  • 2015 — "Видзев" (Польша);
  • 2015 — Prachuap (Таиланд);
  • 2016 — Al-Orouba (Оман);
  • 2016 — "Энерги" (Германия);
  • 2016-2017 — "Редингхаузен" (Германия);
  • 2017-2018 — Stal Mielec (Польша);
  • 2018-2019 — Tychy (Польша);
  • 2019 — Kedah (Малайзия);
  • 2019-2020 — Abahani Limited (Бангладеш);
  • 2020 — "Дордой" (Бишкек, Кыргызстан).