БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Медицина илимдеринин кандитаты, кардиолог Татьяна Рыбка “Россия газетасына” берген маегинде COVID-19 менен ооруп жаткандар жана айыккан жарандарга пайдалуу кеңештерди айтты.
Адис шек жаралган учурда суук тийдиби же коронавирус жуктубу деп ойлонуп отура бербей, өз убагында дарыгерге кайрылуу керектигин эскертти.
“Азыр дарылоо ыкмасы иштелип чыккан, көпчүлүк учурда обочолонуу режимин сактап үйдөн эле дарылануу жетиштүү. Биз жүздөгөн адамды көрдүк. Алар коронавирустан дарыланууда медиктер айткан эрежени так сактап, оорунун кесепетин азыраак тарткан”, — деди Рыбка.
Коронавирустан айыккандан кийин спорт менен машыкса болобу? Адистин кеңеши
Мындан сырткары, дарыгер айыгып чыккандан кийин дагы дем кысылып жатса Д жана В тобундагы витаминдерди сунуштады. Ошону менен бирге иштөө жана эс алуу режимин сактап, көбүрөөк жөө басууга кеңеш берет.