БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн азыркы тапта 1 159 бош орун бар экенин билдирди.
Маалымат 1-август саат 8:00гө карата берилген. Бүгүн мурдагы күндөргө салыштырмалуу бош орундардын саны аз.
Аида Исмаилова ШКУ форумуна катышты. Эмне тууралуу сүйлөдү
Коронавируска кабылгандар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга кайрылса болот.
- "Гансидеги" оорукана — 367;
- Воронцовкадагы санаторий — 65;
- Улуттук госпиталь — 207;
- №1 интернат — 95;
- Республикалык наркология борбору — 97;
- Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 52;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 67;
- "Ынтымак" медресеси — 55;
- Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 60;
- Rixon мейманканасы — 27;
- Улуттук хирургия борбору — 11;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 22;
- Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы —21.
- Улуттук фтизиатрия борбору — 1;
- Кыргыз темир жол ооруканасы — 13.
Белгилей кетсек, ооруканалардын жана күндүзгү, түнкү стационарлардын дарегин жана андагы бош орундарды көрсөтүп турган карта иштелип чыккан.