Ынтымак бекемделсин! Кыргыз элин Курман айт менен куттуктаган президенттер

Курман айтка карата өлкөгө беш мамлекеттин башчыларынан куттуктоо каттары келип түшкөн. Бардыгы эл-журтка аманчылык, тынчтык каалашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Мусулман өлкөлөрүнүн башчылары Кыргызстанды жана Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Алгачкы куттуктоо коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден келип түшкөн. Ал коңшу элдердин биримдиги артып, Курман айт майрамы тынчтыкты, жакшылыкты алып келүүсүн каалап өткөн.

Ынтымак бекемделсин! Кыргыз элин Курман айт менен куттуктаган президенттер
"Бакубатчылыкты, байгерчиликти символдоштурган Курман айт тынчтыкты, жакшылыкты алып келсин жана элдерибиздин биримдигин арттырсын. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөнүн туруктуулугуна коркунуч келтирип жаткан COVID-19 эпидемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан менен тилектештигибизди билдиребиз, эл аралык коомчулуктун жалпы күч-аракеттери менен биз биргеликте бул коркунучту жеңип чыгарыбызга ишенем", — деп жазылган Токаевдин куттуктоосунда.

Журтубуз дарттан тезирээк кутулсун! Жээнбеков Курман айт менен куттуктады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да кыргыз элин Курман айт менен куттуктап, эки элдин ортосундагы ынтымак бекем болушуна тилектеш экенин билдирген.

Ынтымак бекемделсин! Кыргыз элин Курман айт менен куттуктаган президенттер

"Акыркы жылдары биргелешкен күч-аракеттерибиз менен эки өлкөнүн жана эки элдин ортосундагы боордоштук, достук жана жакшы коңшулук мамилени мурдагыдан да бекемдөөгө жетиштик. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүк мамилелер мындан ары дагы эки өлкөнүн өсүп-өнүгүшү жана туруктуулугу үчүн бекемделе береринен күмөнүм жок", — деген Мирзиёев.

Кыргыз элин жана Сооронбай Жээнбековду Курман айт менен куттуктаган ажолордун арасында Тажикстан президенти Эмомали Рахмон дагы бар.

"Башаты жалпы адамзаттын моралдык жогорку баалуулуктарынын түпкүрүнөн алынган Аль-Адха кубанычтуу майрамынын эзелки салттары өз ара түшүнүшүүнүн, өз ара колдоонун, ошондой эле эки элдин достугунун мындан ары дагы бекемделишине түрткү берет. Мындай жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташууну сиз менен бирге улантып кетебиз деп ишенем", — деп айтылат Тажикстан президентинин куттуктоосунда.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов да кыргыз элин Курман айт менен куттуктады.

Ынтымак бекемделсин! Кыргыз элин Курман айт менен куттуктаган президенттер

"Бул ыйык майрам бардык мусулман элдеринин ортосундагы биримдик менен ынтымакты мындан ары дагы бекемдээрине чын дилимден ишенем", — деп жазылган куттуктоодо.

Сооронбай Жээнбековго Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандан да куттуктоо келип түштү.

Ынтымак бекемделсин! Кыргыз элин Курман айт менен куттуктаган президенттер
"Курман Айт майрамы менен сизди элимдин жана өзүмдүн атыман чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Бул майрам бүткүл дүйнө баштан өткөрүп жаткан кыйын мезгилде баарыбыздын башыбызды кошту. Сизге Алла Тааладан ден соолук жана бакыт, дос жана бир тууган кыргыз элине тынчтык, бейпилдик, аманчылык жана бакубатчылык тилейм", — деп жазылган куттуктоо телеграммасында.

Ынтымак менен жеңерине ишенем. Токаев кыргыз элине көңүл айтты

Кыргыз элин жана Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен Бириккен Араб Эмирлигинин президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян жана Афганистан башчысы Мохаммад Ашраф Гани да куттуктап кетишкен. Өлкө башчылары элге жакшылык, өсүп-өнүгүү жана ынтымак каалашкан.