БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. UFC уюумун эки салмактагы экс-чемпиону, канадалык мушкер Жорж Сен-Пьер уюмдун башчысы Дана Уайттын беттеш уюштуруу тууралуу айткандарына комментарий берди. Бул тууралуу ESPN Тwitter баракчасына жазды.
UFC башчысы буга чейин Хабиб Нурмагомедовдун каалоосу боюнча анын карьерасындагы жыйынтыктоочу беттешин Жорж Сен-Пьер менен уюштурууга даяр экенин айткан.
"Шайтан алгыр! Эми гана эс алууга убакыт келди деп жатканда....", — деген канадалык спортчу.
Ал ошондой эле 24-октябрга белгиленген Хабиб Нурмагомедов менен убактылуу чемпион Жастин Гэтжинин беттеши тууралуу пикир калтырган.
"Хабиб — Гэтжи беттешин чыдамсыздык менен күтөм. Алардын экөөнө тең ийгилик!" — деген Сен-Пьер.
Гэтжи: Нурмагомедовго каршы татыктуу беттеш көрсөтүүгө убада берем
Эскерте кетсек, Сен-Пьер 2019-жылдын февраль айында расмий түрдө карьерасын жыйынтыктаганын айткан. Ал жалпысынан 28 беттеш өткөрүп, 26 атаандашын утуп, 2 ирет жеңилген.
Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов жалпысынан 28 ирет октагонго чыгып, бир да жолу жеңилип көрө элек.