БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн 1 343 бош орун бар экенин билдирди.
Маалымат бүгүн, 31-июль, саат 8.00гө карата берилген.
Жалал-Абадда бала бакча инфекциялык ооруканага айланды. Сүрөт
Коронавируска кабылгандар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга кайрылса болот.
- "Гансидеги" оорукана — 360;
- Воронцовкадагы санаторий — 222;
- Улуттук госпиталь — 207;
- №1 интернат — 113;
- Республикалык наркология борбору — 94;
- Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 21;
- Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 48;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 62;
- "Ынтымак" медресеси — 50;
- Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 52;
- Rixon мейманканасы — 25;
- Улуттук хирургия борбору — 13;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 22;
- Темир жол ооруканасы — 16.
- Улуттук фтизиатрия борбору — 38.