Курман айт күнү Бишкекте коомдук транспорт каттайбы? Мэриянын жообу

Шаардык штабдын чечимине ылайык, автобус, троллейбус жана маршруткалар ишемби, жекшембиде гана иштебейт.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Эртең Курман айт күнү Бишкекте коомдук транспорт ишин токтотпойт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Хакимов билдирди.

Курман айт майрамы 31-июль, жума күнгө туш келип, Кыргызстанда эс алуу күнү деп жарыяланды.

Хакимов шаардык штабдын чечимине ылайык, автобус, троллейбус жана маршруткалар ишемби, жекшемби күндөрү гана каттамга чыкпай турганын түшүндүрдү.

Курман айт намазы окулбай калганда курмандык качан чалынат? Муфтияттын жообу

Демек, эртең дагы коомдук транспорт башка жумушчу күндөрдөй эле эртең менен саат 7.00дөн 10.00гө чейин, кечинде 17.00дөн 21.00гө чейин каттайт.