Кыргызстандагы чет өлкөнүн дипломаттары жалпы элге көңүл айтты. Сүрөттөр

Өлкөнүн чет жактагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүндө мамлекеттик туулар түшүрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү кыргыз элине көңүл айтты. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн ТИМдин имаратында коронавирус пандемиясынан каза тапкан жарандарды эскерүү үчүн Көңүл айтуу китеби ачылган. Ага Бишкек шаарында аккредитацияланган дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын башчылары менен өкүлдөрү келип көңүл айтуу сөздөрүн жазып калтырышкан.

Ошондой эле бүгүн Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү бардык дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүндө мамлекеттик туулар түшүрүлгөнү айтылат.

Ынтымак менен жеңерине ишенем. Токаев кыргыз элине көңүл айтты

Ал эми тилектештиктин жана колдоонун белгиси катары ШКУ, Түрк кеңеши эл аралык уюмдарынын Штаб квартираларында мүчө-мамлекеттердин туулары ылдый түшүрүлгөн.