Чыныбай Турсунбековдун ордуна ким депутат болуп келери айтылды

Борбордук шайлоо комиссиясы отурумунда Кыргызстан социал-демократтар партиясынан талапкер Сталбек Молдалиевге мандат тапшырат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңешке депутат болгон маркум Чыныбай Турсунбековдун ордуна КСДП тизмесинде турган кезектеги талапкер Сталбек Молдалиевге мандат тапшырылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

"Ыйгарым укугу токтотулган депутаттардын ордуна партиянын тизмесиндеги кийинки талапкерге мандат тапшырылышы керек. Тизмеде Сталбек Молдалиев турат. БШК бүгүн жыйынга чогулуп, талапкерге мандат тапшырат", — деди ал.

Күздө өтчү шайлоодо 44 партия ат салышмай болду. Тизме

Эске салсак, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков 6-июлда 60 жаш курагында пневмониядан улам каза болгон.