Исмаилова: учурда коронавирустан дарылоонун жаңы протоколу даярдалууда

Эки өлкөнүн адистери түзүп жаткан протокол толук бүткөндөн кийин Саламаттык сактоо министрлиги бекитет. 
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстандык адистер Россиядан келген кесиптештери менен биргеликте коронавирустан дарылоо боюнча клиникалык протоколдун төртүнчү, жаңы версиясын түзүп жатат. Бул туурасында вице-премьер Аида Исмаилова билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан мультимедиалык маалымат борборундагы брифингге катышкан.

Исмаилованын айтымында, учурда өлкөдө атамекендик адистер иштеп чыккан протоколдун үчүнчү версиясы колдонулууда. 

COVID менен ооругандан кийин организмди кантип чыңдоо керек. 5 суроого жооп

“Россиялык кесиптештер менен бир нече жолугушууларды өткөргөндөн кийин Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19дан дарылоо ыкмасынын төртүнчү версиясын биргеликте даярдоо зарылдыгына токтолду”,  — деди вице-премьер.

Ошондой эле ал жаңы протоколду иштеп чыгуу процесси дээрлик аяктап калганын айтып, толук бүткөндөн кийин Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилерин кошумчалады.