Кыргызстан жакында үч өлкө менен аба каттамын жандантууну пландап жатат

Өкмөт башчынын айтымында, биринчи кезекте Россия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлигине каттам ачылат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстан жакын арада үч мамлекет менен аба каттамын жандантууну пландап жатат. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, биринчи кезекте Россия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги менен каттам ачылмакчы.

“Эл аралык аба каттамдарын жандантуу боюнча штабдын чечими бар. Бул эки тараптуу чечилчү маселе. Учурда Тышкы иштер министрлиги жана башка кызматтар тактап жатат. Жакынкы күндөрү эпидемиологиялык абал жакшырып калса каттамдарды ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт”, — деди Боронов. 

Россиядан Кыргызстанга каттаган учактардын санын көбөйтүү пландалууда

Ошондой эле ал аталган маселе эпидемиологиялык кардаалга жана экинчи тараптын позициясына жараша ишке аша турганын кошумчалады.