Иш учурундагы кыска тыныгуунун пайдасы барбы. Адистин пикири

Адис бул нерсе кагаз иштери менен алектенген жана чыгармачыл чөйрөгө өзгөчө пайдалуу экенин билдирет.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Иш учурундагы кыска тыныгуулар адамга абдан пайдалуу. Бул тууралуу корпоративдик маданият боюнча адис Ольга Черкашина Sputnik радиосуна айтып берди.

Анын пикиринде, иштин ортосунда 5-10 мүнөт тыныгуу алып, кесиптештер менен чай ичип же жөн гана тамашалашып сүйлөшүү кызматкердин иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирип, мээнин иштешин жакшыртат.

"Кыска тыныгуу маалында кесиптештер жумуштан алаксыш үчүн үй-бүлө, бала-бакыра, күнүмдүк оокат тууралуу сүйлөшүшөт. Бул нерсе аларды бири-бирине жакындатып, ынтымактуу болууга шарт түзөт. Демек, адамдын мээси эс алып эле тим болбостон, жамаатта ынтымак бекемдейт", — деди Черкашина.

Ошондой эле адис бул нерсе кагаз иштери менен алектенген жана чыгармачыл чөйрөгө өзгөчө пайдалуу экенин кошумчалады.

Негизи кеңседе атмосфера жакшы болуп, кесиптештер ортосунда урмат-сый болушу үчүн бир катар жазылбаган эрежелерди кармануу керек. Алар кайсылар экенин Sputnik агенттигинин макаласынан окуй аласыз.