Жарым жыл болду. COVID боюнча абалга баа берүү үчүн ДССУ жыйынга чогулат

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 16 миллиондон ашып, 650 миңге чукул киши каза болгон. ДССУнун башкы директору пандемия басаңдабай эле күч алганын айтууда.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус пандемиясы боюнча кырдаалга баа бериш үчүн ДССУнун ыкчам комитетин жыйынга чакырат. Бул тууралуу ал Женевадагы маалымат жыйын учурунда айтканын РИА Новости кабарлады.

"ДССУ коронавирусту жалпы саламаттык сактоо тармагында эл аралык мааниге ээ өзгөчө кырдаал катары жарыялаганына ушул бейшембиде туура жарым жыл болот. Эл аралык эрежелерге ылайык, мен бул жумада ыкчам комитетти кайрадан чогултам. Алар коронавирус пандемиясы боюнча кырдаалга баа берип, мага тийиштүү кеңештерин сунушташы зарыл", — деди Гебрейесус.

Чылым чеккендер коронавирусту жеңил көтөрөбү? Пульмонологдун жообу

Анын айтымында, дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 16 миллиондон ашып, 650 миңге чукул киши каза болгон.

"Пандемия күч алды. Акыркы алты жумада эле жуктуруп алгандар эки эсеге көбөйгөн", — деди башкы директор.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда да июнь айынын ортосунан тарта коронавирус жуктургандардын жана андан көз жумгандардын саны кескин өсүп кеткен.