Акыркысыбы? UFC Хабибдин каалаган беттешин уюштурууга даяр экенин айтты

Конор Макгрегор Хабиб Нурмагомедов менен беттешти күтүп жүрөт. Бирок UFC уюмунун башчысы Хабиб менен Сен-Пьердин таймашын уюуштура алат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. UFC чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов карьерасындагы акыркы беттешинде канадалык Жорж Сен-Пьер менен кезиге алат. Бул тууралуу мушкерлер уюмунун башчысы Дана Уайт ESPN маалымат булагына билдиргенин РИА Новости жазды.

Нурмагомедовдун кезектеги атаандашы америкалык Жастин Гэтжи болмокчу. Ал эки ай мурда Тони Фергюсонду мөөнөтүнөн мурда нокаут менен утуп, жеңил салмактын убактылуу чемпиону болгон.

Нурмагомедов — Гэтжи беттеши адегенде сентябрь айына белгиленген. 3-июнда Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болуп, UFC россиялык мушкерге аза күтүү үчүн убакыт бергени айтылган.

Дана Уайт: Хабиб Нурмагомедов октябрда октагонго чыгат

"Конор (Макгрегор) Хабиб менен реванш беттешине чыгууну каалайт. Ал 2018-жылы жеңилгенден бери эле муну айтып келет. Бул беттешти уюштурууга мүмкүнчүлүк болор-болбосу азырынча белгисиз. Ал эми Хабибдин карьерасындагы акыркы беттеши катары Сен-Пьер менен таймашын уюштурса болот. Ал өзүн жекеме-жеке мушташууда да, спортто да жакшы көрсөтө алды. Мен Хабибди урматтайм, ошондуктан ал кайсыл беттешти кааласа, аны уштурууга даярмын", — деди Дана Уайт.

Нурмагомедов буга чейин 2019-жылдын башында карьерасын жыйынтыктаган Сен-Пьер менен таймашуу ниети бар экенин билдирген. Ал арада 39 жаштагы канадалык мушкер Хабиб үчүн октагонго келүүгө ынтызарлыгын айткан.

UFC мушкери Конор Макгрегор "Реалдын" машыгуусуна катышмай болду

UFC уюмунда жеңил салмактын учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов 30 беттеш өткөрүп, карьерасын жыйынтыктаарын айткан жайы бар. Россиялык мушкер жалпысынан 28 ирет октагонго чыгып, бир да жолу жеңилип көрө элек.