Бишкектеги ооруканаларда бейтаптар азаюуда. Бош орундардын тизмеси

Төрт күн мурун 1 190 бош керебет болсо, бүгүн ага 210 орун кошулду. Ал эми кечээтен бери бейтаптардын саны 27ге кыскарган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги учурда Бишкектеги ооруканаларда 1 400 бош орун бар экенин билдирди.

Күн санап ооруканаларда жаткан бейтаптардын саны азайып жатканы байкалууда. Мындан төрт күн мурун 1 190 бош керебет болсо, андан бери ага дагы 210 орун кошулду. Ал эми кечээтен бери бейтаптардын саны 27ге кыскарган.

Полго жатып иштеген медиктер бар экен. Керебетти бекер тараткан ыктыярчылардын маеги

Коронавируска кабылгандар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга барып кайрылса болот.

  • "Гансидеги" оорукана — 517;
  • Улуттук госпиталь — 162;
  • Воронцовкадагы санаторий — 190;
  • №1 Интернат — 98;
  • Интергельпо көчөсүндөгү оорукана — 99;
  • Республикалык наркология борбору — 83;
  • Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 44;
  • №1 Шаардык клиникалык оорукана — 48;
  • "Ынтымак" медресеси — 39;
  • Темир жол ооруканасы — 11;
  • Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 50;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 11;
  • Rixon мейманканасы — 16;
  • Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 17;
  • Discovery мейманканасы — 13.
  • Улуттук хирургия борбору — 2;

Белгилей кетсек, ооруканалардын жана күндүзгү, түнкү стационарлардын дарегин жана андагы бош орундарды көрсөтүп турган карта иштелип чыккан.