Кыргызстанда эң коррупциялашкан мамлекеттик беш орган аталды. Рейтинг

Рейтингдин сап башында мурдагыдай эле Бажы кызматы турат. Бул органга кыргызстандыктар -15,4 балл коюшкан.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Улуттук статистика комитети коррупциялашкан бийлик органдарынын рейтингин чыгарды. Анда 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата элдин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишеним индекси жарыяланган.

Белгилей кетсек, индекс +100 жана –100 баллдык шкала менен эсептелет.

Финпол: моргдо маркумдардын жакындарынан акча талап кылган фактылар аныкталды

Рейтингдин сап башында мурдагыдай эле Мамлекеттик бажы кызматы турат. Бул органга кыргызстандыктар -15,4 балл коюшкан. Экинчи орунда -3,4 балл менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы, үчүнчү орунда +2,8 балл алган Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы турат.

Коррупцияга белчесинен баткан органдардын төртүнчү оруну Салык кызматы (5,3 балл) менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигине (5,8) ыйгарылган.

Жарым жыл мурда кыргызстандыктар Саламаттык сактоо министрлигин жемкордуктун чордонуна айланган алдыңкы беш органдын катарына кошкон. Бул ирет аталган ведомство 8 балл менен антирейингдин жетинчи сабында турат.

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылды

Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик органдарында (50,3) коррупция аз деп баалашкан. Элдин ушундай эле баасына Этностор аралык мамилелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиги менен өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүгү татыган. Эки орган тең 49,5 балл алган.