БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Соңку бир сутканын аралыгында 28 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
- Бишкек шаары – 5;
- Чүй облусунда – 6;
- Ош шаарында – 4;
- Ош облусунда – 6;
- Талас облусунда – 2;
- Жалал-Абад облусунда – 2;
- Баткен облусунда – 3;
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 19 ак халатчан ооруну жеңип чыкты. Ошондой эле үй карантининдеги 60 медицина кызматкери сакайган.
COVID жуктурган 40 медикке 200 миң сом эми бериле баштайт
Жалпы медицина кызматкерлеринин арасында COVID илештерип алган 2 661 учур катталып, 1 384 медик айыкты.