WhatsApp тиркемесине эл көптөн күткөн кызмат кошулат

Учурда жаңы функцияны адистер иштеп чыгууда. Анын жардамы менен колдонуучу бир аккаунтту бир нече гаджеттен ача алат. Эң башкысы мунун баары бир убакытта болот.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. WhatsApp мессенджери колдонуучуларга бир эле убакытта бир нече аккаунт менен төрт түзүлүштөн (телефон, компьютер) кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу РИА Новости WABetaInfo басылмасына таянуу менен жазды.

Порталдын билдиргенине караганда, учурда бул функцияны адистер иштеп чыгууда. Ал даяр болгондо колдонуучулардын аппаратында Linked Devices аталышындагы атайын бөлүм иштеп баштайт. Ага улам жаңы гаджетти кошуп алууга мүмкүн болот.

Индия TikTok, WeChat баштаган 59 тиркемени колдонууга тыюу салды. Себеби

Функция качан иштей баштай турганы азырынча белгисиз.

Буга чейин WhatsApp мессенджеринин адистери дата аркылуу чаттагы жазышууларды таба алган кызматын киргизип жатканын айткан, учурда ал сыноодон өтүп жатат.