БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 25-июлда, Суусамырдагы күндүзгү стационардан кабар алып, ага 250 миң сомдук жардам берди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Төрага Бишкек — Ош жолунун "Токойлуу" участкасында жайгашкан стационарга көрсөткөн көмөгүнүн ичинде медициналык кызматкерлердин маянасы, жеке коргонуучу каражаттар, дары-дармек жана кычкылтек концентратору бар.
Жумабеков дарыгерлерге ыраазычылык айтып, пандемия шартындагы алардын эмгегин зор эрдик деп баалап, стационардын зарылдыгын белгиледи.
"Бул стационар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам Бишкек — Ош жолунун эң маанилүү жерине ачылган. Ал Төө-Ашуудагы тоннелдин түштүк тарабынан тартып, "Ала-Бел" ашуусунун 209-чакырымына чейинки участканы тейлейт. Мындан сырткары, жолоочуларга, туристтерге, жайлоого чыккан малчыларга медициналык жардам көрсөтөт", — деди төрага.
Жээнбеков: Кыргызстанда 30-июль Жалпы улуттук аза күтүү күнү болот
Бул чукул медициналык жардам көрсөтүүчү пункт ачылгандан бери андагы дарыгерлер 10 күндүк график менен иш алып барышат.
Стационар Суусамыр айылына чейин 35, Кара-Балта шаарына 100 чакырымга чейинки аралыкта жайгашкан. Аймакта коомдук транспорт каттабайт.