Боронов: жаңы салынчу ооруканаларга меджабдууларды азыртан алыш керек

Белгилей кетсек, ушул жумадан тарта Бишкек жана Ош шаарларына 100 орундуу жаңы эки оорукана курула баштайт. Боронов алар элге толук кандуу медициналык тейлөө көрсөтүшү зарыл экенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкек, Ош шаарларына салына турчу жаңы ооруканаларга жана аймактарда оңдолуп жаткан имараттарга медициналык жабдууларды сатып алуу иштери азыртан жүргүзүлүп башташы керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы жазды.

Ага ылайык, Боронов жаңы ооруканалар элге толук кандуу медициналык тейлөө көрсөтүшү зарыл экенин белгилеген.

"Курулуш жана оңдоп-түзөө иштери башталган медициналык жайларда интенсивдүү терапия жана реанимациялык орундар тийиштүү деңгээлде камсыздалышы зарыл. Ошондуктан ал жакка медициналык жабдууларды сатып алуу иштери азыртан жүргүзүлө баштасын", — деди премьер-министр.

Боронов Бишкек менен Ошко жаңы оорукананы бир айда куруп бүтүүгө тапшырма берди

Ал дары-дармектерди мамлекеттик деңгээлде сатып алуу иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керектигин дагы айткан.

"Оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун дары-дармек менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учурап калбасын. Мындан тышкары, фармацевтикалык компаниялардын препараттарды ташып келүүсүнө шарт түзүү иштерин күчөтүү керек. Ошол эле учурда дарылардын баасы негизсиз жогорулап кетпешин көзөмөлдөө шарт", — деди Боронов.

Белгилей кетсек, ушул жумадан тарта Бишкек жана Ош шаарларына 100 орундуу жаңы эки оорукана курула баштайт.

1200дөн ашык орун бар. Бишкекте бошогон ооруканалардын тизмеси