Батут сымал... Бишкек мэриясы күлкүгө салган жаңы асфальт боюнча жооп берди

Кечээ социалдык тармактарда жүргөн кадрлардан кишилер асфальтты басканда ал ылдый кирип, кайра ордуна келип калганын көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндөгү жаңы веложолдун асфальты анын астындагы суу түтүктүн жарылышынан улам күлкүлүү көрүнүп калган. Бул тууралуу "Бишкекасфальтсервис" ишканасына таянып мэрия билдирди.

Видео "Короче" деп аталган Telegram-каналга жарыяланды.

Кадрлардан кишилер асфальтты басканда ал ылдый кирип, кайра ордуна келип жатканын көрүүгө болот.

Досумбетов: Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо 2021-жылы аяктайт

"Бишкекасфальтсервис" ишканасы окуя болгон замат адистери жөнөп кеткенине ишендирди.

"Текшерүүдө веложолдун астынан өткөн ирригациялык түтүк жарылганы аныкталды. Анын кесепетинен суу топтолуп отуруп, асфальт көтөрүлүп калган. Бүгүн "Бишкекасфальтсервистин" бригадасы түтүктү алмаштырды, жолдун бөлүгү жакынкы аралыкта өз калыбына келет", — деп айтылат маалыматта.

Ишкана шаар боюнча велосипед жолдорун куру аяктап жатканын кошумчалады. Жакында борбордун түндүгү менен түштүгүн байланыштырган ири айланма жол ачылат.