COVID-19дан өлгөндөрдөн акча жасап... Ошто моргдун үч кызматкерине иш козголду

Ош шаарынын тургуну каза болгон күйөөсүнүн сөөгүн сойдурбаш үчүн өлүкканадан 20 миң сом сурашканын жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Соттук-медициналык экспертизанын Оштогу бюросунун үч кызматкери коронавирустан өлгөн адамдардын сөөгүн берүүдө пара талап кылууга шектелип кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

ИИМдин билдиришинче, 20-июлда Ош шаарынын Х.И. аттуу тургуну социалдык тармакка каза болгон күйөөсүнүн сөөгүн сойдурбай берүү үчүн өлүккананын кызматкерлери 20 миң сом сурашканын жазганын белгилейт. Алар акчаны маркумдун баласынан талап кылышкан. Натыйжада ал 10 миң сом берип, кошумча кызматтары үчүн дагы 3 000 сом таштаган. 

Финпол: моргдо маркумдардын жакындарынан акча талап кылган фактылар аныкталды

Ошол эле күнү факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 203-беренесине ("Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан пара талап кылуу") ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылган.

“22-июлда болжол менен саат 14.00дө Ош шаарынын аймагында Соттук-медициналык экспертизанын Оштогу бюросунун бир кызматкери мурда алган 10 миң сом акчасын маркумдун жубайына кайра алып келип берген. Андан соң Х.И. ал акчаны ИИМдин Ош шаарындагы Тергөө кызматына өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Акча далилдүү материал катары катталган”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган кылмышка бюронун үч кызматкери шектелүүдө. Алар 53 жаштагы К.А., 46 жаштагы Д.Н. жана 43 жаштагы Н.К. Бул боюнча тергөө жүрүп жатат.