Коронавирустан бир суткада 42 бейтап ажал тапты

Күзгө маал жүргүзүлчү эмдөө калктын аяр катмарына, ооруга тез кабыла тургандардын тобуна, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөрү айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө коронавирустан 42 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. 

Кечээтен бери Нарын облусунда коронавирустан каза болгондор катталган жок.

  • Бишкек — 9;
  • Чүй — 9;
  • Ош — 3;
  • Ош шаары — 9;
  • Ысык-Көл — 4;
  • Талас — 3;
  • Баткен — 4;
  • Жалал-Абад — 1.

Кечээтен бери өлкөдө 1 247 адам коронавирустан айыгып чыкты

Жалпы жонунан марттан бери коронавирус жуктуруп каза тапкандардын саны 1 211 болду.