Хабиб Нурмагомедов атасын жоктоп Instagram баракчасына пост жазды

Хабиб атасы менен кучакташып турган сүрөтүн жарыялап, андан ыраазычылык сураган. Бул мушкердин атасы каза болгондон кийинки жазган биринчи билдирүүсү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Instagram баракчасына пост жазып, атасын жоктоду. 

Бул мушкердин 3-июлда атасын жоготкондон кийин социалдык тармакка жазган алгачкы билдирүүсү. Постунда ал атасы менен кучакташып турган сүрөтүн коюп, андан ыраазычылык сураган.

"Сени жоктойм, ата, сен эң оболу менин атам, досум жана машыктыруучум элең. Мен бүгүн кандай адам болсом, ошол даражага жетүүгө мени сен тарбияладың. Сен мага ыраазы болдуң деп үмүттөнөм", — деп билдирген постунда.

Дана Уайт: Хабиб Нурмагомедов октябрда октагонго чыгат

Абдулманап Нурмагомедов 3-июлда коронавирус илдетинин өтүшүп кеткендигинен улам 58 жашында ооруканада каза болгон. Анын сөөгү Дагестандын Кизилюрт районундагы өзүнүн Кироваул айылына коюлган.