БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстандын аймагына ири жүк ташуучу унаалардын ичине оң рулдуу жеңил автокөлүктөрдү салып алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) кабарлады.
Ага ылайык, Финполдун Чүйдөгү кызматкерлери мобилдик топ менен бирге "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү бекетинен оор жүк ташуучу Renault Premium, Volvo FH12 жана Volvo FH13 унааларын токтотушкан. Текшере келгенде ар биринин чиркегичинде оң рулдуу үчтөн жеңил машина болгон. Тогуз автокөлүктүн үлгүсү ар башка экендиги белгиленет. Бирок документте машинанын тетиктери гана ташылып бара жатканы көрсөтүлгөнү айтылат.
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй облусунун Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгы унаалар Япониядан чыкканын жана аларга эч кандай оңдоп-түзөө керек эместигин аныкташкан.
Финпол Бишкекте клександы 8 миң сомдон саткандарды аныктады. Видео
Учурда унаа окуясы кененирээк аныкталып, тергөө иш-чаралары жүрүп жатканы кошумчаланды.
Финпол мыйзам боюнча өлкөгө оң рулдуу унааны ташууга тыюу салынганын эскертти. Буга коммуналдык чарбага, айыл чарбасына, жолдорду курууга (техникалык тейлөөгө) ылайыкталган транспорт каражаттары кирбейт.