Онколог суунун ичеги-карынга тийгизген пайдасын айтты

Смирнова белгилегендей, суунун жардамы менен кан клеткаларга азыктандыруучу заттарды жана кычкылтекти жеткирип турат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Дарыгер-онколог Елена Смирнова суунун ичеги-карындын иштөөсүнө тийгизген таасирин айтып берди. Адистин кеңештери РИА Новостиге жарыяланды. 

Смирнова белгилегендей, суунун жардамы менен кан клеткаларга азыктандыруучу заттарды жана кычкылтекти жеткирет. Ошондой эле организмден токсиндерди бөлүп чыгарууга жардам берет.

Диетолог: ак нан, колбаса, тез татымдан баш тарткан оң

Мындан сырткары, суу ичүү режимин өзгөртүү ич катуу көйгөйүнөн да арылтат.

Смирнова айрыкча жай мезгилинде организмге суюктук көп талап кылынарын айткан.

"Анткени күн ысыкта адам көп тердеп, денеден суу тер менен чыгып кетет. Ошол себептен аны суу менен кайра толтуруп туруу шарт", — деген онколог.

Дарыгер бир күндө канча литр суу ичүү керектигин так айткан эмес. Башкысы суусунун убагында, организм талап кылгандай кандырып жүрүү зарылдыгын кошумчалаган.