Радио

Талантбеков: "Манаста" клуб, бар, жер төлө деген маанини түшүндүргөн сөз бар

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манаста" учурда дагы маанисин жоготпогон сөздөр бар экенин айтты.
Sputnik
Талантбеков: "Манаста" клуб, бар, жер төлө деген маанини түшүндүргөн сөз бар

"Манаста" клуб, бар жана жер төлө деген маанини түшүндүргөн "үзөлөк" деген сөз бар. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Анын айтымында, эпосто "үзөлөк" деген сөз бир нече жерде кездешет.

Талантбеков: "Манас" эпосунда тырмак алгыч "тырабдал" деп айтылат

"Күнүмдүк турмушта жер төлө же орусча "подвал" деген сөз бар. Анын мааниси Манаста "үзөлөк" деп берилет. Ошол эле учурда бул сөз учурдагы бар, клуб деген маанини дагы берет. Эпосто "үзөлөк" деген сөз бир нече жерде кездешет. Мисалы, "үзөлөктүн түбүндө жатат эле жалдырап" деген сап бар. Ошондой эле "Манас" баянындагы Кенжутка болгон казатта Кенжуттун Айган канынын төрт аялынын экөө "үзөлөктө" эс-мас болуп, жер төлөдөгү клубда же барда эс-учун жоготуп жатканы айтылган. Демек "үзөлөк" деген сөздү жер төлөнүн же болбосо көп кабаттуу имараттын жер төлөсүндө тамак-аш, ичимдик сатылган жай, бар, клубдун ордуна колдонууга болот", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал "Манастагы" сөздөрдү алып эмне керек дегендер бар экенин айтып, бул сөз байлыкты арттырууга салым кошорун белгиледи.