БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек жана Ош шаарларындагы оорукананын курулушу ушул жумада башталарын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Боронов медициналык жайларды куруу иштерин тез арада баштоону тапшырган. Учурда алардын орду жана долбоору даярдалды.
"Бишкек жана Ош шаарларында ооруканалардын курулушун ушул жуманын ичинде баштоо керек. Бул иштерге өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жооптуу. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги аталган медициналык мекемелерди тийиштүү жабдуу менен камсыз кылуусу зарыл", — деген өкмөт башчы.
Жыйында өлкө аймактарында колдонулбай турган бош имараттардын багыты өзгөртүлүп, ооруканага ылайыкташтырылары дагы айтылган.
"Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү агенттик менен биргеликте колдонулбай турган имараттарды тез арада оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө тийиш. Алар бир айдын ичинде медициналык мекеме катары иштей башташы керек. Ооруканалар 100 бейтапка ылайыкталып, анын ичинен 25-30у реанимациялык орун болсун", — деген Боронов.
Өкмөт: ооруканаларга борборлоштурулган кычкылтек киргизүүнү тездетүү керек
Ошондой эле Республикалык ыкчам штаб тарабынан аймактарда кошумча орундарды даярдоо боюнча берилген тапшырманын аткарылышы талкууланган. Натыйжада премьер-министр Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын жетекчилеринин бул багыттагы ишин сындаган.