Жээнбеков коронавируска каршы күрөшкөн ыктыярчылар менен жолугат

Президенттин аппаратынын билдиришинче, жолугушуу 21-июлга пландалып, ага болжолдуу түрдө он бештей киши чакырылганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков коронавирус эпидемиясында элге жардам берип жаткан ыктыярчылар менен кездешет.

Жолугушуу тууралуу маалыматты мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева тастыктап, ал эртеңкиге пландалганын билдирди. Учурда 14-15 кишиден турган тизме түзүлгөнүн, анын кимдер экенин кийинчерээк маалымдай турганын айтты.

Апамды эстедим... Жээнбеков каза болгон Адинай Мырзабекованын үйүнө барды. Сүрөт

Активист Урмат Насыкулов социалдык тармак аркылуу кездешүүгө чакырылганын билдирди.

​Өлкөдө бир канча ыктыярдуу топ COVID-19 менен күрөшүүдө түрдүү иш-аракеттерди жүргүзүп келет. Анын ичинде бейтаптарды сакайтууда дарыгерлерге кол кабыш кылып, дары-дармек жана медициналык жабдууларды алганга жардам берүүдө.

Эске салсак, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 27 143 адам коронавирус жуктурду (ооруканадан тышкаркы пневмонияны кошкондо). 13 109 адам сакайып, 1037 бейтап көз жумду.