Ысык-Көлдө жеңил автоунаа менен кагышкан комбайн оодарылып калды. Сүрөттөр

Кырсыктын кесепетинен жеӊил автоунаанын айдоочусу жана 65 жаштагы жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам райондук оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда жеӊил автоунаа менен комбайн кагышып, эки киши жабыркады. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Жол кырсыгы тууралуу кабар Түп райондук милициясына 19-июль күнү саат 11.50лөр чамасында түшкөн. Анда окуя Балыкчы — Ананьево — Каракол автожолунун 196-чакырымында болгону айтылган. 

Ысык-Көлдө жеңил автоунаа менен кагышкан комбайн оодарылып калды. Сүрөттөр
"Милиция жерине барып, Түп районунун Талды-Суу айылынын 32 жаштагы тургуну Subaru Legacy автоунаасын башкара албай калып, Түп айылынын 23 жаштагы тургуну айдап бара жаткан "Енисей" үлгүсүндөгү комбайн менен сүзүшүп алганын аныкташкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Натыйжада жеӊил автоунаанын айдоочусу жана 65 жаштагы жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам райондук оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Рулга ээ боло албай бакты, анан дүкөндү сүзүп... Аламүдүндөгү кырсыктын видеосу

Аталган факт Түп райондук милициясы тарабынан электрондук журналга катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы менен окуяга юридикалык баа берилет.