Москвадан келген 15 медикти Ош шаары салтанаттуу тосуп алды. Сүрөт

Москвада жашап-иштеген кыргызстандык медиктер коронавируска каршы күрөшүүдө кесиптештерине жардам берүү үчүн ыктыярдуу түрдө келишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ош шаарына Москвадан келген дарыгерлерди салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Москвада жашап-иштеген кыргызстандык медиктер коронавируска жана пневмонияга каршы күрөшүүдө кесиптештерине жардам берүү үчүн ыктыярдуу түрдө келишкен.

Четте карап тура албадым. Кыйын күндө мекенге кайткан дарыгердин маеги

Аларды "Ош" аэропортунан шаардык кеңештин төрагасы, вице-мэр баштаган топ тосуп алды.

Чогулгандар жардамга келген дарыгерлерге ыраазычылык айтып, элдин ден соолугуна кам көргөн аракеттерине ийгилик каалашты.