БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 70 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкектеги стационарлар акыркы суткада 4 533 кишини кабыл алды
Коронавирустан (пневмонияны кошкондо) бир суткада көз жумгандардын саны төмөнкүчө:
- Бишкек — 35;
- Ош — 2;
- Чүй облусу — 7;
- Ош облусу — 9;
- Талас облусу — 4;
- Нарын облусу — 1;
- Жалал-Абад облусу — 8;
- Баткен облусу – 4.
Пандемия башталгандан бери коронавирустан өлкөдө жалпы 1 003 киши ажал тапкан.