Өкмөт: жакында Кыргызстанга Россиядан гуманитардык жүк келет

Россия гуманитардык жардам иретинде Кыргызстанга 31 ИВЛ аппарат, 70 керебеттик монитор, 5 көчмө рентгенаппарат жана коргонуучу каражаттарын берери айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстан жана Россия президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин телефондук сүйлөшүүсүнүн жана жөнөтүлгөн өтүнүчтүн алкагында Россиядан Кыргызстанга гуманитардык жардам жакынкы убакта жеткирилет. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Россиялык тарап гуманитардык жардам иретинде Кыргызстанга 31 ИВЛ аппарат, 70 керебеттик монитор, 5 көчмө рентгенаппарат, 6 ультра үн жабдуусу жана жеке коргонуучу каражаттарды (0,5 млн. хирургиялык бет кап) берет", — деп айтылган маалыматта.

Кырдаал оор экен. Россиялык эксперттер ооруканаларга барып, КРдеги абалга баа берди

Учурда Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал курч абалда турат. Өткөн суткада коронавирус жуктуруп, пневмонияга кабылгандардын саны 1264 болду. Ал эми март айынан бери 25047 адам коронавирус жана пневмония менен ооруду. Тилекке каршы, алардын ичинен 858 киши көз жумду.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.