БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде жалпысынан 674 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Анын ичинде коронавирустан – 109, пневмониядан – 565 адам сакайган.
Аймактар боюнча карай келгенде төмөнкүдөй:
- Бишкек шаары - 309/197;
- Чүй облусу - 44/137;
- Ош облусу - 24/114;
- Ош шаары - 61/0;
- Ысык-Көл облусу - 37/63;
- Жалал-Абад облусу - 19/94;
- Талас облусу - 5/83;
- Баткен облусу – 16/32;
- Нарын облусу - 0/29.
Жалпы айыккандардын саны 7237 адам болду. Алардын ичинен 2742си үй шартында изоляцияга алынып, сакайып кеткен.
Бишкектеги ооруканалар боюнча бирдиктүү система ишке кирди
Учурда Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал курч абалда турат. Өткөн суткада коронавирус жуктуруп, пневмонияга кабылгандардын саны 1264 болду. Марттан бери бул илдет менен ооругандар 25047 адамга жетти. Тилекке каршы, алардын ичинен 858 киши көз жумду.
Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.