Соңку бир күндө дүйнөдө COVID жуктургандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

Илдет Түндүк жана Түштүк Америкада (7,1 миллион) жана Европада (3 миллион адам) көбүрөөк катталып жатканы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Дүйнөдө бир күндүн аралыгында 237 743 адамдан коронавирус аныкталып рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул туурасында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) билдирди.

Мурдагы антирекорд 12-июлда катталып, бир күндө 230 миң адамга оору жукканы белгилүү болгон.

ДССУнун соңку маалыматына ылайык, жер жүзүндө жалпысынан 13 миллион 616 миң 593 адам COVID-19 жуктуруп алган. Ал эми 585 727 киши каза тапкан.

Адис: COVID симптомcуз өтпөйт, болгону бул адамдардын иммунитети күчтүү

Бул илдет Түндүк жана Түштүк Америкада (7,1 миллион) жана Европада (3 миллион адам) көбүрөөк катталып жатканы айтылат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирус инфекциясынын жайылышын пандемия деп жарыялаган.