Этият болуңуз! Айдоочулар үчүн турак жай зонасында жүрүү эрежелери

Турак жай зонасында, үйлөрдүн короолорунда жүрүүдө айдоочу этият болуп эреже менен айдабаса, ары-бери чуркап ойногон бөбөктөр, балдары менен сейилдеген энелер көп.
Sputnik

Аларга тоскоолдук жаратып, сүзүп алуудан алыс болуш үчүн бул ирет турак жай зонасындагы жол эрежелери тууралуу айтып беребиз.

Эске салсак, Sputnik Кыргызстан агенттиги айдоочуларга пайдалуу маалыматтарды, суроо жараткан жол эрежелерин аныктап, зарыл болгон кеп-кеңештерди берип туруу максатында атайын рубрика ачкан.

Айыпка жыгылып калба! Велосипедчен адам биле жүрчү негизги 8 эреже

Жол кыймылынын эрежелеринде короолор турак жай зонасына кире турганы жазылган. Ал жактарга жол белгисин орнотпой деле койсо болот.

"Короодо артыкчылык жөө жүргөн адамдарга берилген. Алар жолдо да, тротуарда да жүрсө болот. Бирок жөө жүргөндөр себеби жок автоунаалардын кыймылына тоскоолдук жарата бербеши керек", — деп жазылган эрежеде.

Турак жай зонасында жана короолордо айдоочуга тыюу салынган эрежелер:

  • саатына 20 чакырымдан ашык ылдамдыкта жүрүүгө болбойт;
  • жолду кыскартып же убакытты үнөмдөө үчүн короо аркылуу өтпөш керек;
  • үйрөнүү үчүн айдаганга да тыюу салынат;
  • иштеп жаткан кыймылдаткыч менен токтоп турууга болбойт;
  • атайын чийиндер менен белгиленгенден башка жерлерде 3,5 тоннадан ашык жүк ташуучу унаалардын токтоп туруусуна тыюу салынат.

Турак жай зонасына кирип келе жаткан айдоочу башкаларга (жөө адам, велосипедчен) жол бошотуп бериши шарт. 

Этият болуңуз! Айдоочулар үчүн турак жай зонасында жүрүү эрежелери

Айдоочу автоунаасын тротуарга токтотпошу керектигин да эскертебиз. Мындай учурда дөңгөлөк үйлөтүп же коңшулардан тил угуп калышы толук мүмкүн. Андан сырткары, тажрыйбалуу айдоочулар автоунааны короодогу жолго жок дегенде бир машина өтүп кеткидей аралык калтырып токтотушу керектигин белгилешти. Антпесе унаанын бир жери чийилип же күзгүсүз калышы ыктымал.

Инспектор тоссо карайлап калбаңыз! Айдоочунун башын ооруткан 9 суроого жооп

Эрежеде турак жай зонасындагы кесилиштер тууралуу да жазылган. Эгер короодогу кесилиште жол белгиси жок болсо, ал эки жакка тең бирдей болуп эсептелет. Мындай учурда артыкчылык оң тараптан келе жаткан автоунаага берилет.