Бишкекте дагы бир түнкү стационар ачылды. Дареги

"Салтанат" ресторанында 45 орунга ылайыкташтырылган түнкү стационарда бейтаптарга тамчылатма дары куюп, ийне сайып беришет.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Октябрь районунун аймагындагы Кара-Жыгач жаңы конушунда жайгашкан "Салтанат" ресторанында дагы бир түнкү стационар ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Бишкекте дагы бир түнкү стационар ачылды. Дареги

Маалыматка ылайык, борборубузда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Ушундай кыйын учурда шаардыктарды колдоо үчүн ишкерлер, кайрымдуу адамдар кол сунуп, жардам берип жатат.

Мэрия: күндүзгү стационарлар бир күндө 4 000ден ашуун бейтапты тейлөөдө

"Салтанат" ресторанында 45 орунга ылайыкташтырылган түнкү стационар "Талас жаштар ынтымагы" уюмунун колдоосу менен ачылды.

Жаңы ачылган стационардан шаар тургундарына кечки саат 21:00дөн 9:00гө чейин алгачкы медициналык жардам көрсөтүлөт, асма укол жасап, ийне саят. Бейтаптар дарыгерлерден кеңеш ала алышат.