БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада 1 051 адам пневмонияга чалдыкканын брифинг учурунда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Жалпысынан 10 682 учур катталган.
Эми пневмонияга чалдыккандар да коронавируска кабылгандардай бекер дарыланат
Кечээ вице-премьер Аида Исмаилова пневмония болгондор эми коронавирус жуктурган деп эсептелерин айткан.