Лейлектеги "Исфана" аэропорту реконструкцияланып бүттү. Сүрөттөр

"Исфана" аэропорту стратегиялык маанилүү объект болуп саналат. Анда ички каттамдар үчүн ылайыкталган реконструкциялык иштер 2019-жылы башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районундагы "Исфана" аэропортун реконструкциялоо иштери аягына чыкты. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Өлкө үчүн стратегиялык маанилүү объект болуп саналган "Исфана" аэропортуна ички каттамдар үчүн ылайыкталган реконструкциялык иштер 2019-жылы башталган. "Манас" аэропорту башкаруучулугунун төрагасы Мурат Примбердиевдин билдиришинче, "Исфана" аэропортунун аэродромунун жасалма төшөлмө элементтерин реконструкциялоо" долбоору толугу менен аягына чыккан.

"Бардык оңдоо иштери графикке ылайык жүргүзүлгөн. Сертификациялоодон кийин аэропорт кайрадан учактарды кабыл алууга даяр болот", — деди ал.

Бул долбоордун алкагында учуп-конуу тилкеси, рулёждук жолчо, аба кемелерди токтотуучу жай жана перрон оңдолгон.

"Заманбап атайын геосинтетикалык курулуш материалдарын колдонуу менен 75 миң чарчы метр асфальт бетон төшөлдү. Учуп-конуу тилкесинин жалпы узундугу 1 735 метр, ал эми туурасы 35 метрди түздү", — деди Примбердиев.

2019-жылы жалпы долбоордун алкагында жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттары бар жалпы аянты 553 чарчы метр болгон жаңы аэробекет курулган. Анда каттоочу орундар, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн текшерүүчү аппараттар, жүк лентасы, эне-бала бөлмөсү бар.

Досумбетов: Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо 2021-жылы аяктайт

Исфана аэропорту 1974-жылы пайдаланууга берилген. Совет мезгилинде ал Як-40, Ан-24, Ан-26, Ан-28, BAE-146-200 сыяктуу учактарды жана тик учактардын бардык түрлөрүн кабыл алган. Аэродромдо бир учуп-конуу тилкеси бар.

Аэробекет комплекси күндүз ички каттамдарды тейлөө үчүн ылайыкташтырылып курулган. Бул жакка акыркы жолу 2007-жылы капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн.