Кыргызстанда коронавирус 6 кишинин өмүрүн алды. Анын бири медик

Вице-премьер Аида Исмаилова пневмония менен ооруп калгандар коронавирус болгон деп эсептелерин, эки статистика бир берилерин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус алты кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордун бирөө медицина кызматкери.

"Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасынан бир бейтап, Аксы райондук ооруканасынан бирөө, Жайыл райондук ооруканасынан бир бейтап, Лейлек аймактык ооруканасынан бирөө, Токтогул аймактык ооруканасынан бир бейтап коронавирустан көз жумган. Каза болгон медик Темиркан Жарматова Ош облустар аралык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары болуп иштечү", — деди Акматова.

Кыргызстанда коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 173кө жетти.

Бүгүн дагы 603 киши вирус жуктуруп алганы аныкталды

Эске салсак, вице-премьер Аида Исмаилова пневмония менен ооруп калгандар коронавирус болгон деп эсептелерин, эки статистика бир берилерин айткан.