Украина: түз эфирде маңдайкы тиши түшүп калган диктор кыздын видеосу

Кадрдан диктордун сүйлөп жатып маңдайкы тиши түшүп кеткенде, аны колу менен акырын алып, андан ары берүүсүн улантып кеткенин көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Украинанын "1+1" телеканалында жаңылыктарды окуп жаткан Маричка Падалконун алдыңкы бир тиши түшүп кетип, бирок сыр бербей абалдан чыгып кеткенин РИА Новости жазды.

Анын бул учурун көрүүчүлөр социалдык тармактарга жүктөшкөн. Кадрдан ал сүйлөп жатканда маңдайкы тиши түшүп калганын көрүүгө болот. Алып баруучу аны колу менен акырын алып, андан ары берүүсүн улантып кеткен. Бир канча секунддан кийин эреже боюнча сюжетти көрсөтүүгө өтүшкөн.

Телестудияга кирип келген бөбөк алып баруучу энесинин шаштысын кетирди. Видео

Соцтармак колдонуучулары анын сабырдуулугуна баа беришкен.

Көп өтпөй алып баруучу өзү Instagram аркылуу кайрылуу жасап, учурда тиш доктурга барып жатканын айткан.

Бирок ал дарыгердин катуу нерселерди азырынча тиштебей тур дегенин укпай койгону үчүн түз эфирде ыңгайсыз абалга кабылганын айтып, бир четинен бул окуя аны таанымал кылгандыгын моюндаган.